Бишкек-Токмок унаа жолунда “Жигулинин” ээси рулду башкара албай каршы тилкде келе жаткан кичи автобусту сүзүп мерт кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 6-июлда эртең менен саат 06:30да Бишкек—Токмок унаа жолунун 25-чакырымда катталган. Чыгыштан батышка бараткан “Жигули” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып, “Мерседес спринтер” үлгүсүндөгү кичи авиобусту сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен “Жигулинин” айдоочусу кырсык болгон жерде каза болуп, маршруттук таксидеги 4 киши жабыркаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн