Чүй облусунун Аламүдүн районунда Алма-Ата көчөсү менен Айланма унаа жолунун кесилишинде жайгашкан темир буюмдарын өндүргөн цехтен өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 04:56да чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү.
Цехтен чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн