Чүй районунда жаш баланын айынан 750 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
22-июль күнү Чүй районунун Мээнеткеч айылында бастырмада аянты 60ч.м түзгөн 750 түк чөп толугу менен күйүп кетти. Жерине №24 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм саат 15:04тө жетти. Өрт 15:40да чектөөгө алынып, саат 20:10до толук өчүрүлдү.
Өрттүн себеби: жаш баланын өрткө болгон шоктугунан келип чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн