Кулжа 22, 2024
Убакыт: 02:20
USD
86.70
87.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.940
1.020

Чүйдө жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүйдө жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды


Чүйдө жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 29-майда болжол менен саат 21:50 чамасында Аламүдүн районундагы Бишкек – Кордай унаа жолунун 9-чакырымында белгисиз айдоочу унаасы менен түндүктөн түштүккө карай бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган Б.С.В. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары “Лексус-RX 300” үлгүсүндөгү унаанын 1994-жылы туулган М.Ш.Э. аттуу айдоочусу кармалып, андан ары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

"Урматтуу жарандар эгерде сиздер коомдо кылмыш жана кырсык, ошондой эле жол эреже бузуу фактыларына күбө болсоңуз “102” номерине же ЖКККББнын (0777) 102-102 “WhatsApp” номерине тезинен кабарлап койсоңуз болот", - деп кайрылышты милициядан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн