Сокулук районундагы көлмөдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 19:14тө Шопоков шаарындагы көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар болжол менен 55-60 жаш курактагы эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн