Кыргызстанда 14-июнга карата коронавирус дагы 459 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 178, Ош шаарында – 122, Чүй облусу – 3, Ош облусу – 46, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 64, Баткен облусу – 21 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 257 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 132, Ош шаарында – 35, Чүй облусу – 33, Ош облусу – 15, Талас облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 16, Жалал-Абад облусу – 18, Баткен облусу – 3 адам", - деп айтылат билдирүүдө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн