Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус дагы 212 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Бишкекте – 152, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында – 4, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 149 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 101, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 34, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 9 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн