Бугу 12, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

COVID-19: Тогуз объектте курулуш иштери жүрүүдө

29.07.2020 11:50
1143
COVID-19: Тогуз объектте курулуш иштери жүрүүдө


Социалдык, өзгөчө коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган объектилердин курулушун мөөнөтүндө аяктоо зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов объекттердин капиталдык курулуш долбоорлору маселеси боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр бул социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулушунун сапатын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


«COVID-19га каршы күрөшүү чараларынын алкагында 9 объекте курулуш иштери жүрүүдө. Алар Бишкек жана Ош шаарларында эки оорукананын курулушу, ошондой эле республиканын 7 облусунда багыты өзгөртүлүп, бейтапканага ыңгайлаштыруу боюнча иштер. Мен бардык курулуш иштери белгиленген мөөнөттө – 1 айдын аралыгында аяктоосу зарыл экенин баса белгилегим келет. Тармактык мамлекеттик органдарга сапат жана өз учурунда бүткөрүү боюнча катуу талап коём. Мындан тышкары Финансы министрлиги медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги каржылоону камсыз кылуу шарт», - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн