Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

COVID-19: Кыргызстанда 100 миң адам эмдөөдөн өттү

COVID-19: Кыргызстанда 100 миң адам эмдөөдөн өттү

 Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 3482 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу   Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.


Муну менен өлкөдө жалпы 99 миң 900 адам эмдөөдөн өттү. Алардын арасынан 73 миң 800 адам вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.


Облус-шаарларда эмделген адамдардын саны:


- Бишкек шаарында — 27 миң 190 адам;

- Чүй облусунда — 17 миң 724 адам;

- Ош облусунда — 12 миң 181 адам;

- Жалал-Абад облусунда — 12 миң 205 адам;

- Ысык-Көл облусунда — 8 762 адам;

- Ош шаарында — 8 040 адам;

- Талас облусунда — 4 522 адам;

- Нарын облусунда — 4 670 адам;

- Баткен облусунда — 4 562 адам.


Түштөн кийин 100 миңинчи адам эмделгени белгилүү болду, деп билдирди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн