Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 16:32
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Кыргызстанда 5 оорукана коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр

02.09.2020 14:02
1744
Кыргызстанда 5 оорукана коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр


Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 5 балдар ооруканасы COVID-19 инфекциясы менен жабыркаган балдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу С.Данияров атындагы КММКДжКЖИнин анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Венера Шүкүрова 2-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, аймактык ооруканаларда балдар үчүн орундар даярдалып жатат. Учурда 2356 орун даяр. 


Ооруканалардын тизмеси: 


- Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору; 


- Бишкек шаарындагы №3 Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы;


-  Ош шаарындагы облустар аралык балдар ооруканасы; 


- Кара-Суу районунундагы балдар ооруканасы; 

 

- Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн