Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

COVID-19: Мамлекеттик кызматкерлерге аралыктан иштөө, вакцина алуу сунушталды

01.07.2021 10:15
613
COVID-19: Мамлекеттик кызматкерлерге аралыктан иштөө, вакцина алуу сунушталды


Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб министрликтер менен ведомстволорго сунуш берди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кол койгон документ интернетке чыкты.


Штаб жетекчисинин айтымында, учурда айрым чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы бар.


Сунуштар:


- кызматкерлерди, өзгөчө 60 жаштан ашкан, өнөкөт оорусу бар жана кош бойлуу адамдарды аралыктан иштөө режимине өткөрүү. Кеңселерди дезинфекциялоо;


- кызматкерлер менен сырттан келген адамдарды жетекчиликке киргизбөө, жыйындарды онлайн режимде өткөрүү. Кызматкерлерди той, кафе, көңүл ачуу жайларына, музей, кинотеатрларга барбоого чакыруу;


- кызматкерлерге эмдөөдөн өтүүнү сунуштоо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн