Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 10:17
USD
84.60
85.10
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

COVID-19: Муфтият мечиттерде кандай чектөөлөрдү киргизди?

26.04.2021 18:20
820
COVID-19: Муфтият мечиттерде кандай чектөөлөрдү киргизди?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эпидемиологиялык абалга байланыштуу азырынча чектөөлөрдү киргизе элек. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы "Кабар" агенттигине билдирген. 


Басма сөз кызматы кабарлагандай, шаардык эпидемио-санитардык борбордун талабы боюнча маалымдама Аалымдар кеңешине жиберилген. 

"Биз санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматын Аалымдар кеңешине жибергенбиз. Бирок азырынча отурум боло элек. 

Мечиттердеги чектөө боюнча азыркы учурда мечиттерде ифтарларга тыюу салынган. Намаздар социалдык аралыкты сактоо жана маска режими менен окулууда. 

Ал эми ресторан, кафелерде өткөрүлгөн ифтарларга Муфтият жооптуу эмес",- деп билдирген басма сөз кызматы.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн