Кыргызстанда 30-майга карата коронавирус дагы 333 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Бишкекте – 148,
Ош шаарында – 40,
Чүй облусунда – 68,
Ош облусунда – 13,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 14,
Ысык-Көл облусунда – 23,
Жалал-Абад облусунда – 16,
Баткен облусунда – 6.
Бир сутка ичинде 300 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Бишкекте – 167,
Ош шаарында – 10,
Чүй облусунда – 71,
Ош облусунда – 7,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 34,
Баткен облусунда – 2.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 6 бейтап көз жумду:
Бишкек шаарында – 3,
Чүй облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 1.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 685 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 743 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 142 бейтаптын абалы орто оордукта, 436 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 652 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 572 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 104 миң 555 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 300 киши айыгып чыкса, 1 миң 803 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн