Бугу 18, 2024
Убакыт: 00:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган жалпы 445 медик Ысык-Көлдө эс алды

13.08.2020 17:49
1121
COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган жалпы 445 медик Ысык-Көлдө эс алды


Өкмөт тарабынан инфекциянын очогунда иштеген, COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитациялоо иштерин уюштуруу Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын базасында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.   


Маалыматка караганда, 23-июлдан баштап  бүгүнкү күнгө чейин ССМнын буйругуна ылайык, ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 445 медициналык кызматкерлер жөнөтүлгөн. 


Реабилитациялоого республикадагы  Улуттук борборлордун, жалпы практикалык дарыгерлер борборлорунун,  биринчи даражадагы кызматкерлер (ҮМБ),  коомдук саламаттык сактоо кызматынын медкызматкерлери жиберилди. 


Медициналык кызматкерлердин тизмеси алар иштеген саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан түзүлөт. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн