Өлкө боюнча COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда 24 адамды түздү. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, 3 бейтап коронавирустан, 21 адам пневмониядан көз жумган.
Каза болгондор:
Бишкек шаарында – 6;
Ош шаарында – 2;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 4;
Талас облусунда - 3;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу – 1.
Коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 1301ге жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн