Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19 пандемиясы шайлоолорго кандай таасир этет?

07.04.2020 15:20
1221
COVID-19 пандемиясы шайлоолорго кандай таасир этет?


Дүйнөнүн 180ден ашуун мамлекетине тараган коронавирус илдети адам баласынын көптөгөн пландарын бузду. Бизнеске залакасын тийгизди, чыгармачыл адамдардын (мисалы кино жаатында) чыгармачылык пландарына тоскоолдук жаратты. Үй курат элем дегендердин үйү курулбай турат. Той өткөрө тургандардын тою өтпөй калды. Айтор, түзүлгөн пландар бузулду. 


Ошол эле убакта мамлекеттик деңгээлдеги пландар да аткарылбай калды же болбосо мөөнөттөрүн жылдырууга аргасыз болушууда. Мисалы, быйылкы жылы апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу көптөгөн мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар пландалган. Алардын баары өтпөй калды. 


Ошону менен катар эле быйыл Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге жана парламенттик шайлоо өтөрү пландалган. Шайлоолор – бул кандай гана мамлекет болбосун дайыма өтө маанилүү коомдук-саясий окуя болуп саналат. Бирок COVID-19 пандемиясы бир катар мамлекеттерде бул жылы өтүшү керек болгон шайлоолорду үзгүлтүккө учуратканы турат. Мисалы, бул жылы жаз-күз мезгилдеринде Белорусия, Улуу Британия, Түндүк Македония, Иран, Сербия, Польша, АКШ, Түштүк Корея жана Кыргызстанда түрдүү деңгээлдеги шайлоолор өтүшү керек. Коронавирус оорусунун кеңири жайылып жатканына байланыштуу аталган өлкөлөрдө шайлоолорду өз убагында өткөрөбүзбү же жылдырабызбы деген суроо жаралууда. 


Бул жылы Белорусияда 30-августтан кечикпестен президенттик шайлоо өтүшү керек. Азыркы күндө аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга негиз жок экенин билдирүүдө. Белорусиялык Боршайкомдун башчысы Л. Ермошин 27-мартта «президенттик шайлоо Белорусияда коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал кирген учурда гана жылышы мүмкүн» деп билдирди. Азырынча бул өлкөдө карантин да киргизиле электигин эске алганда, балким шайлоонун мөөнөтүн жылдырылбашы да мүмкүн.


Улуу Британияда жергиликтүү кеңештерге үстүбүздөгү жылдын май айында шайлоо өтүшү керек болчу. Бул өлкөнүн премьер-министри Б. Джонсон өзү да коронавирус оорусун жугузуп алганы белгилүү. Ал жетектеген өкмөт 14-мартта коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу Англияда жергиликтүү кеңештерге шайлоону бир жылга, тактап айтсак 2021-жылдын май айына чейин жылдырды.  


Ал эми Иранда 21-февралда парламенттик шайлоо өткөн. Ошону менен катар эле 11 шайлоо округунда шайлоонун экинчи туру өтүшү керек эле. 15-мартта Ирандын бийлиги коронавирус илдетинин жайылып жатканына негиздеп, экинчи турду 11-сентябрга жылдырды. 


Сербияда да 26-апрелде жергиликтүү кеңештерге жана парламенттик шайлоо өтмөк. Азыркы тапта анын мөөнөтүн жылдыруу боюнча аталган өлкөнүн бийлиги ойлонуп турган кез. 


Америка Кошмо Штаттарында бул жылы ноябрда президенттик шайлоо өтүшү керек. Азыркы тапта республикачылар жана демократтар партияларынан президенттикке талапкерлерди тандоо сыяктуу маанилүү этап жүрүүдө. Ошол эле убакта АКШда коронавируска чалдыккандардын саны улам көбөйүүдө. Бийлик америкалыктарды сак болууга жана кандайдыр бир оорунун белгилери байкалса, дароо дарыгерлерге кайрылууга чакырып турат. Ал эми президенттикке талапкер боло тургандар өздөрүнүн тарапташтары менен жолугушууларды уюштуруудан алыс болушууда. Азырынча шайлоо мөөнөтү кандай болуп өзгөрөрү белгисиз. 


Май айында Польшада президенттик шайлоо өтүшү керек. Учурда бул өлкөдө шайлоо кампаниясы жүрүп жатат. Бирок, талапкерлер партиялык конференцияларды жана шайлоочулар менен массалык жолугушууларды өткөрө алышкан жок. Ошондон улам айрым саясатчылар шайлоо мөөнөтүн жылдырууну сунушташууда. Польшанын аракеттеги президенти А. Дуда өзү да шайлоого катышат. Ал буга чейин шайлоону өткөрүүгө эч кандай коркунуч жок деп келсе, 29-мартта май айына белгиленген шайлоо коронавирус эпидемиясынан улам жылдырылышы мүмкүн экендигин билдирди. Демек, жакынкы күндөрү бул өлкөдө шайлоо качан өтөрү белгилүү болот. 


Ал эми Кыргызстандагы 12-апрелде өтүшү керек болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тагдыры кандай болот? Бул күнү 25 айылдык кеңешке (Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош облустарында) жана 5 шаардык кеңешке (Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу) шайлоо белгиленген. Мына ушул шайлоолор коронавирус пандемиясынын коркунучунан улам үзгүлтүккө учурап калуу коркунучунда турат. Жалпы мамлекет боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын, шайлоо комиссияларынын, коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен жарандардын саламаттыгын жана өмүрүн коргоону камсыздоо, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук кандуу реализациялоо максатында президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 23-мартындагы жарлыгы менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо процесстеринин этаптарын реализациялоо боюнча иш-чараларды аткарууну улантууну токтотту. 


Бирок, ошентсе деле 12-апрелге белгиленген шайлоого добуш берүү маселеси эмне болот деген суроого жооп алына элек. Себеби, жергеликтүү кеңештерге шайлоону дайындоо боюнча 2020-жылдын 10-февралындагы жарлык жокко чыгарылган жок жана ага тиешелүү өзгөртүүлөр да киргизилбеди. Эгерде мыйзамга такай турган болсок, анда «Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча» КР мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүндө эки гана учурда шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат. Биринчиси, жалпы мамлекет боюнча өзгөчө же аскердик абал киргизилсе, экинчиси, өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө же аскердик абал киргизилсе. Мыйзамда өзгөчө кырдаал жарыяланганда шайлоолорго тыюу салуу каралган эмес. 


Ошол элу бакта 24-мартта президенттин жарлыгы менен Бишкек, Ош шаарларында жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Демек, айрым аймактардагы жергиликтүү кеңештерге, мисалы Ноокат районундагы Көк-Бел айылдык кеңешинде, Кара-Суу районундагы Сары-Колот айылдык кеңешинде шайлоо болбойт дегенди түшүнөбүз. Ал эми калган аймактардагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосу эмне болот?


Коронавирус илдетинин өлкөбүздө дагы кеңири жайылып кетүүсүн алдын-алуу үчүн калган жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун да жылдырууга туура келет. Ал үчүн жалпы өлкө боюнча 30 күндүк мөөнөткө өзгөчө абал киргизүү керек. Ошол эле убакта жергиликтүү кеңешке шайлоону дайындаган мамлекет башчысынын 2020-жылдын 10-февралындагы жарлыгын жокко чыгаруу зарылчылыгы бар. Бул шайлоолорду өлкөбүздө эпидемиологиялык абал жакшырып калганда, балким 2-3 айдан кийин өткөрсөк туура болот. 


Парламенттик шайлоого болсо алдыда убакыт бар. Конституциянын жана «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча» конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык Жогорку Кеңештин кезектеги 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтүшү керек. Бирок, коронавирус эпидемиясына байланыштуу айрым коомдук-саясий ишмерлер жана жарандар парламенттик шайлоону жылдырууну да сунуштап жатышат.  


Бирок, шайлоого чейин дагы 6 ай убакыт бар, шайлоо али дайындала да элек. Конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоону дайындоо президент тарабынан добуш берүүчү күндөн 100 календарлык күндөн эрте эмес жана 90 календарлык күндөн кеч эмес убакытта дайындалат. Башкача айтканда, шайлоо ушул жылдын июнь айынын аягы, июль айынын баш чендеринде дайындалышы керек. Андыктан бул шайлоону талкулоого бир аз эртелик кылат.


Ошентсе да ушул коронавирус эпидемиясы маалында кыргыз бийлиги шайлоо системасын да санариптештирүү агымына карай буруп алса болот. Ал үчүн албетте убакыт керек, бирок ошол багытта карай жол ачууга жакшы мүмкүнчүлүк. Балким, муну Эстониянын мисалынан алып карап көрүшсө болчудай.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн