Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 03:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

COVID-19дан айыккан жарандар кандай тамактануусу керек? Дарыгерден 5 негизги кеңеш

08.09.2020 12:55
1060
COVID-19дан айыккан жарандар кандай тамактануусу керек? Дарыгерден 5 негизги кеңеш


Коронавирустан айыгып чыккан жарандар ден соолугун кайра калыбына келтирүү үчүн туура тамактануусу керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамактануу гигиенасы боюнча санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева 8-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Дарыгер оорудан айыккан адамдар толук баалуу жана туура тамактанусу зарыл экенин белгилеп, 5 негизги кеңештерди берди. 



1. Күнүнө 500 граммдан кем эмес жашылча – жемиштерди, 150 гр табигый чөп-чарларды кошуу керек. Жашылча –жемиштердеги витаминдердин  рациондо болушу абдан пайдалуу. Мисалы, С витамини капуста жана башка жашыл түстөгү жашылчаларда көп болот. 


2. Ооруган адам тузду 5граммдан ашык ичпеши керек. Туздалган, ышталган эт азыктарын  кошумча туздоодон же консерваларды, тез даярдалуучу тамак-аштарды колдонуудан баш тартып туруу зарыл. Туздан башка шекер, углеводдуу кондитер азыктарын, таттуу суусундуктарды чектөө керек. Алар патогендүү оору козгоочу микроорганизмдердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.  


3. Суюктукту 1,5 литрге чейин чектөө зарыл. Жылуу (бөлмө температурасы) жана таза суу ичүү шарт. Эгерде, дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин ичүүгө болот. 


4. Рациондо сөзсүз түрдө майлуу эмес эттен жасалган, жашылчадан жасалган шорполорду жана сүт азыктарын колдонуу керек. Жаш малдын этинен жасалган шорполорду бир жумада эки жолу берүүгө болот. Куш эттери: тоок, индюк эттерине жана балык, деңиз азыктарына көбүрөөк көңүл буруу керек. Бул азыктарда омега 3 май кислотасы бар. 


5. Витаминдер көбүрөөк сунушталат. Алар организдмн кайра калыбына келишине жардам берет. Мисалы, Д витаминин препарат катары же кошумча тамак-аштан колдонсо болот. А витамини пайдалуу болгон суюк майларда: оливка жана башка майлардан табууга болот.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн