Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министрлик COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган төртүнчү протоколду бекитти

07.09.2020 12:21
803
Министрлик COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган төртүнчү протоколду бекитти


Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү клиникалык протоколун бекитти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев 7-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, протоколго балдарды коронавирустан дарылоо боюнча дагы бөлүм киргизилди. 


"Протокол эл аралык тажрыйбалардын негизинде кабыл алынып, анда бейтапты коронавирустан кийин калыбына келтирүү жана аны дарылоонун негизги методдору камтылды. Жаңы протоколдо стационарда жана амбулатордук дарыланууда бериле турган кеңештер дагы бар. Мындан тышкары, протоколго балдарды коронавирус илдетинен дарылоо жана коронавирустан айыккандарды калыбына келдитүү боюнча өзүнчө бөлүм киргизилди", - деди  Талант Сооронбаев.


Ал белгилендей, учурда медициналык кызматкерлер жаңы протокол боюнча окутулуп жатат. Кыргызстандын аймагындагы дарыгерлер жаңы протолдку колдонуп башташты. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн