Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

COVID-19ду дарылоочу ремдисивир дарысы 2340 долларды талап кылат

29.06.2020 22:57
1073
COVID-19ду дарылоочу ремдисивир дарысы 2340 долларды талап кылат



COVID-19 вирусунан дарылоочу ремдисивир препаратын өндүрүүчү компания аны өнүккөн өлкөлөр үчүн 390 долларга баалады. Беш күндүк дарылоо курсу үчүн 2340 доллар керектелет.



Компания аталган препарат коронавирустан калыбына келүү убактысын төрт күнгө кыскартат, бул ооруканалар үчүн бир бейтапка коротулган чыгымдарды 12 миң долларга чейин кыскартууга мүмкүндук берет деп ынандырууда.



Фармацевтикалык Gilead компаниясы COVID-19 вирусунан дарылоодо жакшы таасирин көрсөткөн өзүнүн ремдисивир препаратынын бир куюм шишесин 390 доллардан сатат деп айтылат Gileadдин сайтына жайгаштырылган компаниянын башкы директору Дэниэл О” Дэйдин ачык катында.

 

Топ-менеджер бул ремдисивирдин өзүнүн анык баасынан кыйла төмөн дейт. Мисалы, АКШда анын баасы 520 доллар болот, дарылоо курсу 3120 долларды түзөт.

 

Дэниэл О” Дэйдин айтымында, ремдисивир – бул клиникалык сыноолор маалында бейтаптардын абалын аныгында жакшырта алган алгачкы вируска каршы каражат. Аны чыгаруу үчүн жыл аягына чейин 1 млрд доллардан ашык инвестиция жумшалат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн