Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: Курулуп жаткан ооруканалардын каржы булактары айтылды

28.08.2020 14:58
956
COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: Курулуп жаткан ооруканалардын каржы булактары айтылды


COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдык көрүү максатында республика боюнча 14 саламаттык сактоо объектеринин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров 28-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы облустук оорукана жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы оорукана "Капиталдык салымдар" боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат. 


"Ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу 3 инфекциялык оорукананы куруу жана республика боюнча 9 объектти капиталдык оңдоо жумуштары "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун" каражатынын эсебинен каржыланууда. Учурда бардык объекттер боюнча каржылоо ачылып, курулуш жана оңдоо-түзөө иштери толугу менен жүрүп жатат. Аталган объекттерге жалпысынан 206,5 млн сом акча каражаты ачылган, анын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 21,0 млн. сом, фонддун эсебинен 185,5 млн сом каржыланууда", - деди Урматбек Кокочаров. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн