Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19га кабылган 800дөн ашык медик компенсация алууга документ тапшырган

04.09.2020 15:56
843
COVID-19га кабылган 800дөн ашык медик компенсация алууга документ тапшырган


Кызмат учурунда коронавируска дуушар болгон 800 медициналык кызматкерден 200 миң сомдон компенсация алуу үчүн документ келип түшкөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Республика боюнча:


 - Ош облусунан -113 документ;

Талас облусунан – 33;

Чүй облусунан – 337;

Баткен облусунан – 25;

Нарын облусунан – 35;

Ысык-Көл облусунан – 48;


Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн. Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн