Cатыбек Каныбеков Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.
С.Каныбеков буга чейин мэриянын борбордук аппаратындагы экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Ал эми акимдин мурунку биринчи орун басары Адилет Мадыбаев мэриянын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн