Кулжа 29, 2024
Убакыт: 01:43
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Centerra Gold акционерлерди алдап, кирешени аз көрсөткөн деп шектелүүдө

10.05.2021 15:15
1829
Centerra Gold акционерлерди алдап, кирешени аз көрсөткөн деп шектелүүдө


Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан демилгеленген мамлекеттик комиссиянын текшерүүсүндө "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү бир катар одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйынында айтылат. Бул тууралуу vb.kg билдирди.


Кыргызстандын Мамлекеттик комиссиясы эки багытта иштеди: биринчиси, компания тараптан Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сактоо; экинчиси, Кыргызстан (26% акциялар) негизги акционерлердин бири болгон Центерра Голддун өзүндө башкаруунун натыйжалуулугу.


Белгилүү болгондой, натыйжасыз башкаруу жана түшүнүксүз схемалардан улам, компания кен чыккан жерлердин көпчүлүгүндө көптөгөн жоготууларга учураган.


Бүгүнкү күндө пайданын 80% Кумтөр кени алып келип жатканын компаниянын отчетторунан көрүнүп турат. Ошол эле учурда "Centerra Gold" Кыргызстандан бардык пайданы чыгарып кетип жатат. "Центерра Голд" Кумтөрдүн ишине байланыштуу сатылып алынган сегиз кенге ээлик кылат, анын алтоо пайда алып келбейт.


"Centerra Gold Mount Milliganды сатып алганы мамлекеттик комиссиянын көптөгөн суроолорун жаратууда. Компания кенди 1,1 миллиард АКШ долларына сатып алган. Келишим түзүлгөндөн кийин дароо экономикалык пайдалуу резервдер кайра каралып, бүгүнкү күндө анын наркы 500 миллион долларга чейин төмөндөгөн. Ушул бүтүмдүн натыйжасында Centerra 280 миллион АКШ долларынан ашуун чыгым тарткан. Centerra Gold компаниясында ачыктан-ачык кызыкчылыктар кагылышы бар. Мисалы, 12 жылдан бери компанияга бир эле аудитордук компания - KPMG аудит жүргүзүп келген. Бирок, кызыгы, компаниянын топ-менеджерлеринин бири Centerra Gold компаниясынын директорлук кызматына өткөн", - деп айтылат маалыматта.


Кыргызстандын мамлекеттик комиссиясы тарабынан табылган ушул жана башка фактылар комиссия мүчөлөрүнө Centerra Goldдо бардыгы анчалык таза жана мыйзамдуу эмес деген ой келүүдө.


"Центерра Голд" өз акционерлерин көп жылдар бою компаниянын реалдуу кирешесин төмөндөтүп, пайдасыз сатып алуулар үчүн ири каражаттарды жогорулатылган баада эсептен чыгарып, ошондой эле ишкананын чыныгы активдерин төмөн баалап, алдап келген деп шектенүүгө негиз бар", - деп кошумчаланат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн