Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы катчысы Тедрос Адхан Гебрейесус дүйнөнү чукул арада жаңы пандемияга даяр болууга чакырды. Бул тууралуу ал Женевада өткөн брифингде билдирди.
Анын билдиришинче, пандемия жакынкы 3 айда күч алышы мүмкүн.
"Дүйнөдө коронавирус боюнча абал турукташканына карабастан, өлүм саны көп бойдон калууда.
Жакынкы 3 ай пандемиянын коркунучтуу мезгили болот",- деди Гебрейесус.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн