Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегин коомдук саламаттыкты сактоо үчүн өзгөчө кырдаал деп жарыялады.
Кошумчалай кетсек, уюм маймыл чечегине байланыштуу коркунучтун эң жогорку деңгээлин жарыялаган.
Мындай чечим Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вирус боюнча чукул комитетинин экинчи жыйынында кабыл алынды.
Уюмдун жетекчиси Гебрейюстун айтымында, учурда 75 өлкөдө оорунун 16 миңден ашуун учуру катталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн