Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ДЖБнын жетекчиси: Биздин сунуштарыбыз президенттин жеке көзөмөлүүнө алынды

21.07.2020 16:08
790
ДЖБнын жетекчиси: Биздин сунуштарыбыз президенттин жеке көзөмөлүүнө алынды


Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүү иштерине көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү менен Ак үйдө жолугушуу өткөрдүү.


Иш-чарага шоу-бизнес өкүлдөрү, спортчулар, жана коомдук ишмерлер менен активисттер катышкан. Алардын арасында Демилгелүү жаштар борборунун (ДЖБ) жетекчиси Аскар Алмаз уулу да катышып, президент менен болгон жолугушуу тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалмат агенттигине маек курду.


“Мамлекет башчы менен 12 адам жолугуп, ар бирибиз өз сөзүбүздө өлкөдөгү ар бир тармактагы көйгөйлөрдү жеткирүүгө аракет кылдык. Президент биздин сөзүбүздү угуп, зарыл жерлерин белгилеп отурду. Менин оюм боюнча бизге алдын ала эч кандай протоколдор даярдалбай же болбосо кысым болбой, жолугушуу жакшы маанайда өттү. Биздин коомчулукту түйшөлтүп турган маселелер боюнча сүйлөштүк”, - деди активист.


Ошондой эле айрым сунуштарды президент жеке көзөмөлүнө алганын кошумчалады.


“Мен президенттин аппаратынын иши тууралуу, ошондой эле медициналык жогорку окуу жайларда эпидемиологдор менен инфекционисттер үчүн орундарды көбөйтүүнү сунуштадым. Мамлекет башчы ошол эле жерден президенттин аппарат жетекчисин Билим берүү министрлигине бул сунушту жеткирүүнү жана анын үстүндө иштөө тапшырмасын берди”, - деди Аскар Алмаз уулу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн