Бүгүн, 12-майда президент Садыр Жапаров тарабынан Дача-СУ окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын алгачкы жыйыны өттү.
Жыйында комиссия төрагасы Алмамбет Шыкмаматов комиссиянын курамы, максаты жана милдеттери тууралуу айтып берди.
Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөсү Эркингүл Убышева ошол кезде Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турган Кубатбек Бороновду комиссиядан чыгарууну сунуштады.
Анын айтымында, Боронов ошол кездеги министр катары жоопкерчилик тарткан эмес.
Ал эми Алмамбет Шыкмаматов аны комиссиядан чыгаруу коомдо бир тараптуу чечим чыгып калат деген пики пайда болуп калышы мүмкүн экенин айтып, Бороновду комиссияда калтырууну чечти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн