Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дагы бир кыргызстандык Эверест чокусуна чыкты

18.05.2023 15:30
377
Дагы бир кыргызстандык Эверест чокусуна чыкты

Жеке ишкер Кадыр Сайдилкан уулу дүйнөдөгү  эң бийик Эверест чокусун багындырды. Бул тууралуу УТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, кечээ саат 7:40та Кадыр Сайдилкан уулу Гималайдын чокусунда Кыргызстандын желегин желбиреткен. Ал  Орозбак Сагынбай уулунун варианты боюнча үч килограмм салмактагы «Манас» эпосун да чокуга ала чыккан. 


Эске салсак, буга чейин Эверест  чокусуна  кыргызстандык Эдуард Кубатов чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн