Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 12:00
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Дагы бир медаль! Дүйнө чемпионатында Арсалан Будажапов коло утту

16.09.2022 23:00
594
Дагы бир медаль! Дүйнө чемпионатында Арсалан Будажапов коло утту


Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль багындырды.

Арсалан Будажапов 79 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышып, франциялык, тажикстандык балбандарды утуп, чейрек финалга чыгып, АКШнын спортчусуна жеңилип калган. Бирок АКШнын спортчусу финалга чыкканы үчүн Будажапов көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Мында кыргыз балбаны түркмөнстандык балбанды утуп, коло үчүн күрөшүүгө чыкты.

Чемпионаттын үчүнчү орунуна болгон кармашта Будажапов болгариялык Али-Паша Умарпашаевди 5:1 эсебинде артта калтырып, жеңүүчү болду.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда төрт медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын, Амантур Исмаилов (67 кг) менен эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг) коло уткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн