Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дагы экөө издөөдө. Бишкекте бирөөнүн унаасын тартып алган жарандар кармалды

Дагы экөө издөөдө. Бишкекте бирөөнүн унаасын тартып алган жарандар кармалды

Бишкекте жарандын унаасын күч колдонуп тартып алганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 4-август күнү милицияга автоунааны мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Анда саат 14:30дар чамасында борбор калаадагы май куюучу жайлардын биринин жанынан кебетеси азиялык болгон белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, К.С. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, анын Mercedes Gelandewagen үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алышкан.


Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу топтордун биринин мүчөлөрү 1995-жылы туулган Т.Ж. жана Ж.Н., кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка айыпталуучулар аныкталып, алар боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн