Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дамбанын айрым жерлери жарылып, Кадамжайда 1500 киши көчүрүлдү

07.05.2021 14:45
1379
Дамбанын айрым жерлери жарылып, Кадамжайда 1500 киши көчүрүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда катуу жааган жамгырдан дамба бузулуп, айылды сел каптады. 1500 жергиликтүү жашоочу коопсуз аймака чыгууга мажбур болгон.


Облустук маалымат борбору берген маалыматка ылайык сел үйлөргө зыян келтирген жок, бирок, жол боюндагы дүкөндөрдү жана Техас кафесин жана авто жолдорду каптаган. 


«6-май күнү, саат 23:13 чамасында Кадамжай районунун тоолорунда жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылындагы №12 Селводзащитанын балансындагы дамбага суу толуп, узундугу 4-5метр аралыктагы дамба бузулуп, Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтмас, Өрүкзар жана Торговый айылдарына коркунуч жараткан. Натыйжада Торговый айылынын жолдорун, Техас кафесинин короолорун жана жол боюндагы дүкөндөрдү сел суулары басты» -деп билдирет.


Азыркы убакта суу токтогон, 1500 жергиликтүү эл туруктуу жашаган аймактарына кайтышты. Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Кырсык болгон жерде КР ӨКМнин Баткен облусук башкармалыгы жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн