Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дамир Алыбаев Ички аскерлердин жаңы колбашчысы болуп дайындалды

13.08.2022 11:48
781
Дамир Алыбаев Ички аскерлердин жаңы колбашчысы болуп дайындалды






Бүгүн, Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамына жаңы колбашчы — полковник Дамир Алыбаевди тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Полковник Дамир Алыбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскерлеринин колбашчысы болуп дайындалды.

Алыбаев Дамир Картанбаевич 1978-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында туулган. 2000-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын жана 2012-жылы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскер университетин аяктаган.

Кызматтык ишин 2001-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүн патрулдук ротасынын взводунун командири болуп баштаган жана 2019-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген. 

2019-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчынын орун басары – штаб начальниги болуп дайындалган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн