Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 03:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура дары-дармек департаментинде коррупцияны аныктады

02.02.2021 10:48
665
Башкы прокуратура дары-дармек департаментинде коррупцияны аныктады

Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар Департаментинин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам актыларынын бир-бирине дал келбегендиктеринен жана мыйзамдагы кетирилген мүчүлүштүктөрүнөн улам, медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда көрсөтүлгөн Департаменттин баардык тармактарында тутумдук коррупциялык схема аныкталып, жыйынтыгында алардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизгендиги аныкталган.   


Мындан тышкары, Департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо жана экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдошуп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн жана коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген Департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу  фактылары боюнча 8 материал КЖБРге катталып, азыркы учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле, Башкы прокуратуранын мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү 4 сунуштары караштуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан каралып, тартиптик жоопкерчиликке 4 кызматкер тартылып, анын ичинен 1 кызматкер жумуш ордунан бошотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн