Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:03
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дарыгерлер бардык күчүн адам өмүрлөрүн сактап калууга жумшоосу керек, - Боронов

07.07.2020 13:53
1097
Дарыгерлер бардык күчүн адам өмүрлөрүн сактап калууга жумшоосу керек, - Боронов


Дарыгерлер жана медайымдар ар бир бейтаптын өмүрүн сактап калууга бардык күч-аракетин жумшаарына ишенем, деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

Анда штабдын мүчөлөрүнүн көңүлүн бардык мамлекеттик органдардын ыкчам өз-ара аракеттешүүсү жана адам өмүрүн сактап калуу зарылдыгына бурду. 

«Күн сайын Бишкек шаарында кошумча 100-200 жаңы койко-орундар ачылууда. Жакында ачылган күндүзгү стационарлар өзүнө иштин бир бөлүгүн алды. Бишкек шаарынын тургундары зарыл болгон алгачкы медициналык көмөктү ала алышты. Буга катар ар күн сайын катталып жаткан адам өлүмү кооптондурууда. Бардык күчтү адам өмүрлөрүн сактап калууга жумшоо керек. Оорусу күчөп кеткен бейтаптарды сактап калуу үчүн тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуу менен аларга өзгөчө көңүл буруу керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн