Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дарыканадан акча талап кылган УКМКнын алдамчы кызматкери кармалды

22.09.2021 10:16
818
Дарыканадан акча талап кылган УКМКнын алдамчы кызматкери кармалды

Чолпон-Ата шаарында өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, дарыканадан акча талап кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-сентябрь күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматына Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дарыканага өзүн УКМК кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сом акча талап кылып, алып кеткендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.


Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин (“Документтердин жасалмасы) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде Ысык-Көл РИИБдин КМК кызматкерлери тарабынан өзүн УКМКнын ыкчам кызматкери катары тааныштырып жүргөн 34 жаштагы Чүй облусунун жараны кармалып, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.


“Жогоруда кармалган адам боюнча жабырлануучулар болсо 102ге, же (03943) 4-39-80, (0709) 331-515 номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн