Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тажикстан президенти Эмомали Рахмонго ыйгарылган "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" наамын жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылды. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Депутаттын айтымында, кыргыз жарандарынын канын бир эмес, бир нече жолу төккөн жана Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүнө кол салган Рахмон Бишкек шаарынын ардактуу атуулу болууга татыксыз.
Бекешев ошондой эле чек арада эрдик жасап курман болгон Эламан Ураимовдун атын Бишкектеги "Кара-Дарыя" көчөсүнө ыйгарууну сунуштаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн