Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Камактагыларды китеп окутуп, же коомдук жумуштарга тартуу керек”

03.10.2023 10:53
274
Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Камактагыларды китеп окутуп, же коомдук жумуштарга тартуу керек”


- Дастан Далабаевич, “Конституциялык сот жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр каралып жатканда сиз “Конституциялык соттун чечимин өзгөртүү боюнча кайрылуу укугу бир гана президентте болушу керек” деген пикир айттыңыз. Эмне үчүн Конституциялык соттун төрагасы да сунуш берүүсүнө каршысыз?


- Себеби, президент Конституциянын гаранты болуп атпайбы. Элдин шайлоосу менен келет. Ошон үчүн бир эле субъект болууга тийиш. Ошол эле учурда Конституциялык сотко кайрылуу укугун бир кишиге берсек деле, кайрылууга негиздер аз эле болушу керек. Айталы, жаңы жагдайлар чыгып калса, же каралган учурда кээ бир маалыматтар белгисиз болсо. Булар Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Литва, Эстонияда бар деп эл аралык тажрыйбаны айтып берип атышпайбы. Бирок, аталган мамлекеттерде философиялык аныктамалар менен кайра кароо болбойт. Жок андай норма. А биз киргизип атабыз. Адеп-ахлакка, моралдык нормаларга туура эмес келсе, коомдук баалуулуктарга каршы болсо деп. Бул туура эмес. Юридикалык тил боюнча философиялык аныктамаларга мыйзам кирбеши керек. Эгер кирип калса, ал философиялык аныктамаларды кантип аныктайбыз?


- Мунапыс жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатпайбы. Сиздин айтымыңызда, буга чейин мунапыс алгандардын 70 пайызы кайра эле кылмышка барышат экен. Анда кандай кылыш керек?


- Мунапыс сөзсүз керек. Себеби, чынында түрмө тарбияга жардам бербейт. Бизде жаза аткаруу кодексинде так жазылып турат. Түрмөгө тарбиялоо максатында отургузабыз, бирок андай максатка жетише албай жатпайбызбы. Бошоп чыккандардын 70 пайызы кайра эле кылмыш кылышат. Уурулар уурулук кылганын, бейбаштар бейбаштыгын улантышат экен. Бул аз сан эмес. Ошон үчүн мен айтып атам, аларга китеп окутуп, же коомдук жумуштарга тартуу керек. Мунапыска чыгар алдында ал жок дегенде бир эки китеп окууга тийиш. Балким, ошондон кийин кайра кылмыштуу иштерди кылбай калар... 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн