Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Дайырбек Орунбеков: 2021-жылдан бери өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү кескин өстү

25.04.2023 10:21
1069
Дайырбек Орунбеков: 2021-жылдан бери өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү кескин өстү

Дүйнөлүк банк – 1990-жылдан 2022-жылга чейинки Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинин көрсөткүчүн жарыялады.


Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын кескин өскөн мезгили 2021-жылдан башталган.


"1990-2005-жылдар аралыгында ички дүң продукциясы төмөндөп, көрсөткүчтөр началарлап кеткен. Тактап айтканда ички дүң продукциянын көрсөткүчү адам башына бөлгөндө 609 доллардан 280 долларга чейин төмөндөгөн. 


2005-2008-жылдары өсүү темпинин көрсөткүчү жогорулап 477 доллардан 966 долларга жеткен. Үч жылда ички дүң продукциянын өсүүсү 489 долларга көтөрүлгөн. Бул аралык Акылбек Жапаровдун Экономика жана финансы министри болуп иштеген жылдарына туура келет. 


Өзүңүздөр көрүп тургандай, 2010-жылдан тарта 2020-жылга чейинки 10 жылдагы өсүштүн көрсөткүчү 303 доллар.


2021-2022-жылдары өсүү темпи кескин жогорулап, 1607 долларга жетти. 


Акыркы жылдагы көрсөткүч, өсүү темпинин кескин жогорулашы – экономикалык туура саясаттын натыйжасы менен салыштырсак болот. Өлкө башычысы Садыр Жапаровдун саясий эрки менен Кумтөр мамлекетке өттү. Салык, бажы жана башка ири киреше алып келе турган тармактар көзөмөлгө алынды. Мына ушул себептер экономиканын кубаттуу болуп багыт алуусуна шарт түздү",- деди Орунбеков.


Ал Кыргызстандын өсүү темпи боюнча Дүйнөлүк банктын расмий көрсөткүчтөрү – мамлекеттин өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына багыт алганын далилдерин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн