Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дайырбек Орунбеков: Акылбек Жапаровду атайын жана негизсиз каралоо жүрүп жатат

28.01.2023 19:59
348
Дайырбек Орунбеков: Акылбек Жапаровду атайын жана негизсиз каралоо жүрүп жатат

Социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.



Анын айтымында, сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканы чоң өкүнүчтүү.


"Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экени белгилүү. Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, Министрлер Кабинетине алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактарда эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым.


 Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президент Садыр Жапаровдун командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда.


Мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга ар дайым даяр. Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз",- деп айтылат Орунбековдун билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн