Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дайырбек Орунбеков: Баягылардан болуш өтө кыйын

23.12.2020 09:15
877
Дайырбек Орунбеков: Баягылардан болуш өтө кыйын


Саясат – бул күчтүүлөрдүн, мүмкүнчүлүгү кенен, командасы барлардын иши. Мындай категориядагы адамдар качан болбосун керек болот. “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиясында жүргөн адамдардын дарегине, ааламды мурдунун учу менен көргөн адамдар сын айтып, “...булар эми Садыр Жапаровду колдоп жатышат...”- дешүүдө.

 

Бул адамдар – октябрдагы шайлоодо “эӊ күчтүү жана өтүү мүмкүнчүлүгү көп” деп саналган эки партияга чогулушкан. Шайлоо жыйынтыгы чынында эле эки партия эӊ көп добуш алышты. Өтпөй калган партиялардын ызаасын келтирип, чычалап ызы-чуу кылып, жыйынтыгы бийлик алмашуу менен аяктады.

 

Айтайын дегеним, күчтүү партия же күчтүү лидер болобу, айланасына күчтүү адамдарды тартат. Ошол адамдар добуш, жеӊиш алып келет. Садыр Жапаровдун айланасына “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” толуп алды дегендер, чычалабай, андан көрө командага керек адам болуу үчүн аракет кылгыла. Күчтүү жана командасы бар адамдар – кандай бийлик келбесин лидердин жанында орун алышат. Бул саясаттагы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Муну кыргызда “аккан арыктан суу агат”-деп коет. Ал эми ааламды мурдунун учуна коюп алгандар, “баягылар эле жүрөт”-деп чычалашат. Ошо баягылар бийлик алмашса дагы кала берет, баягылардан болуш өтө кыйын. Бул реалдуулук,  чычаламай жок.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ресурс колдонуп акчага добуш сатып алган мафия подхалимдер партиясы.Сен дагы бир ошолордун шохасы окшойсун