Бугу 08, 2024
Убакыт: 15:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Дайырбек Орунбеков: Эми ар бир адам каалаган ооруканага каттала алат

26.04.2023 15:24
501
Дайырбек Орунбеков: Эми ар бир адам каалаган ооруканага каттала алат

Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын ооруканага каттоого туруу тартибин жөнөкөй кылып өзгөрттү.  Санариптик чечимдердин аркасы менен калктын бейтапканаларга каттоого туруусу жеңилдетилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Мурда, каттоого туруу үчүн жашаган жериңден справка, жаш балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспорт ж.б толгон-токой документтерди чогултуу талабы бар болчу. Убарагерчилик менен чогултуп бергенден кийин гана каттоого турушкан. Мындан тышкары, Бишкек шаарында бир бейтапканада каттоодо турган жаран, башка бейтапканага барып медициналык кызматтарды ала алчу эмес. 


Мындан ары, убарага салган справкаларды чогултуу зарылчылыгы алынып салынды. Аймактык принцип жоюлду, эми ар бир адам каалаган бейтапканага каттала алат, тандоо укугу берилди. Ошондой эле катталган жери жакпай калса, кварталына бир жолу башка бейтапканага алмаштырууга болот. Мындан ары бюрократия болбойт, паспортуңуздагы ПИН-кодуңуз көрсөтүлгөн бир гана документ керектелет",- деди Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн