Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин депутатынын айткандарына жооп берди

15.11.2022 15:20
338
Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин депутатынын айткандарына жооп берди



Бүгүн, 15-ноябрда Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ага карата сын айткан депутатка жооп берди. Бул тууралуу ал “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” аталышындагы тегерек столдо билдирди.


Орунбековдун айтымында, тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттарынын, укук коргоочулар, эл аралык уюмдар өкүлдөрүнүн катышып жаткандыгы сөз эркиндигинен кабар берет.


"Биз бул жерде "Анык эмес маалыматтан коргоо жана ЖМК жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулап жатабыз. 

Бул мыйзам боюнча айрым депутаттар бизди күнөөлөп жатат. Алар бизге мыйзам долбоорун сунуштаган 60 кесиптешине таарынсын",- деди Дайырбек Орунбеков.


Эскерте кетсек, иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Адилет” укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн