Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Дайырбек Орунбеков бүгүн кызматка жаңы дайындалгандар тууралуу пикирин билдирди

07.03.2023 19:05
452
Дайырбек Орунбеков бүгүн кызматка жаңы дайындалгандар тууралуу пикирин билдирди

Бүгүн, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун акимдери дайындалды. Райондук Администрацияга жетекчи болуп келгендер - Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Регионалдык резервинен сынактан өтүп, резервде турган.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.


"Учурдан пайдаланып мамлекеттик кызматтарга дайындоо тартиби тууралуу айтып кетүүнү туура көрдүк. Мурдатан адат болуп калгандай, азыр деле кайсы бир кызмат орундары бошосо, тааныш издеп, суранып чуркагандар бар. Бирок андан натыйжа чыкпай турганын эскертебиз. 


Мамлекеттик кызматка барууну максат кылсаңыз, сынак тапшырып, резервге кирип коюу керек. Мамлекет кадрларды издегенде тажрыйбасына, профессионалдык деӊгээлине карап кызматтарга чакырат. Бүгүнкү дайындалган жетекчилер дагы так ушундай тартип менен дайындалды. Керек болсо, өздөрү дагы билген эмес",- деп билдирди Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн