Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дайырбек Орунбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен маалымат тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

30.03.2023 16:30
356
Дайырбек Орунбеков  АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен маалымат тармагындагы кызматташтыкты талкуулады



Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолукту.  


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүнү талкуулашты. 


Дайырбек Орунбеков кыргыз тараптын сөз эркиндигин жана демократиялык коомдун принциптерин коргоого берилгендигин ырастады.  

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Кыргыз Республикасында көз карандысыз ЖМКлардын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. 

“Биздин негизги талап, бардык ЖМКларга тиешелүү – тастыкталбаган маалыматтарды таратууга тыюу салган улуттук мыйзамдарды сактоо, ошондой эле маалыматты таратууда объективдүү болуу, анын ичинде араздашуулар жана согуштук кырдаалдар учурунда”, - деп белгилеген кызматтын жетекчиси, бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу маселелер дагы мыйзам чегинде жүргүзүлөөрүн кошумчалады.  

Өз кезегинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.  

Ал Кыргыз Республикасы сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманган жана күчтүү жарандык коомду жактаган өлкө катары кала берээрин канааттануу менен белгиледи. 

Тараптар ошондой эле “Азаттык” радиосунун айланасындагы кырдаалды талкуулап, анын көз карандысыз журналистиканын өнүгүшүндөгү өзгөчө ролун белгилешти.  

Жолугушуунун соңунда тараптар тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлерин окутуу багытында кызматташууну мындан ары улантууну талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн