Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дайырбек Орунбеков социалдык тармакта президентти дебатка чакыргандарга жооп берди

07.10.2022 08:36
285
Дайырбек Орунбеков социалдык тармакта президентти дебатка чакыргандарга жооп берди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков президентти дебатка чакырган блогерлерге жооп берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Орунбеков "блогер" жана "саясатчылар" сөз эркиндиги эмес, өздөрүнүн тарбиясыздыгын көрсөтүп жатат.


"Акыркы учурда өзүн “блогер” жана “саясатчы” атап алган жаштарыбыздын чектен ашып баратканы өкүндүрөт. Эл башкарууну кой, 3 адамды башкарып көрбөгөн, чакан жамаатта жетекчилик тажрыйбасы жок туруп мамлекетти кантип башкаруу керектиги тууралуу акыл үйрөтүп жатат. Өлкө башчысын дебатка чакырып, популисттик чакырыктар менен элдин көңүлүн өзүнө бургусу келүүдө. 

Дагы бирөөсү түз эфирге чыгып алып, өтө орой түрдө жалган жалааларды, оор айыптоолорду президенттин, жогорку бийликтин дарегине айтууда. 

Муну сөз эркиндигинин жетишкендиги эмес, ээн баштык, тарбиянын жоктугу, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласак болот. 

Мында эң эле өкүнүчтүүсү аларды айрым жаштар үлгү катары көрүп жатканы",- деди Дайырбек Орунбеков.


Мындан сырткары ал президенттин майда иштерге убактысы жок экендигин кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн