Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Дайырбек Орунбеков соцтармактарда пайда болгон президентти жана анын жакындарын каралоолорго комментарий берди

01.11.2024 14:46
266
Дайырбек Орунбеков соцтармактарда пайда болгон президентти жана анын жакындарын каралоолорго комментарий берди


Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, анда бир эле учурда пайда болгон президентти жана анын жакындарын каралоолорго комментарий берди.

"Эки күндөн бери президент жана анын жакындарына каралоо болуп жатканын сиздер дагы көрүп жатсаңыздар керек. Алар камакта жаткан Мелис Аспеков, өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров, качып жүргөн Тилекмат Күрөңов, Кыргызстандын аймагында иштөөгө тыюу салынган “Клооп” сайты.

Алар бир учурда эле “Президент жана анын үй-бүлөсү элдин байлыгын басып алды, тоноп жатат”, – деген мазмунда окшош багыттагы каралоо материалдарын жарыялап пайда болушту. Булардын жарыялаган материалдарында бир дагы далил, тастыкталган документ жок. Болгону "ушинтип уктук, элдер айтты, ошондой деп ойлойбуз" деген ушактар менен даярдалган.

Сиздерге, алардын “мамлекетти тоноп жатат” деген такталбаган айыптоолору менен реалдуу цифраларды салыштырып айтып берейин. Мамлекет тонолуп жатса, мындай көрсөткүчтөргө жетет белек?.

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети:

  • 2020-жылы 247,7 млрд сом;
  • 2023-жылы 577,5 млрд сомго жетти;
  • 2024-жылдын жыйынтыгы менен 650 млрд сом деп күтүлүп жатат.

Бажы кирешеси:

  • 2020-жылга чейин 20 млрд сом, ашып кетсе 30 млрд сомдун тегерегинде чогулчу;
  • 2021-жылы 46,9 млрд сом;
  • 2022-жылы 74,3 млрд сом;
  • 2023-жылы 111,5 млрд сомго жетти;
  • 2024-жылдын жыйынтыгы дагы кубана турган көрсөткүчкө жетет.

Уурулар, бандиттер, коррупционерлер убагында тартып алган, басып алган, уурдаган мүлк-байлыктары бүт мамлекетке кайтарылып жатат.

Карапайым элди турак-жай менен камсыз кылуу максатында он миңдеген батирлер курулууда. Элге ыңгайлуу болсун деп 15-25 жылга чейин ипотекалык негизде берилип жатат", - деди ал.

Ошондой эле ал жылына жүздөгөн мектептер, 40 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадион, ден соолукту чыңдоо борборлору, спорттук имараттар, парктар, туристтик жайлар, завод-фабрикалар курулуп жатканын кошумчалады. Быйыл эле өлкөдө 100 өндүрүштүк ишкана ачылып жатат. Буга чейин Кыргызстан ширеңке, мык чыгара албаган өлкө элек, азыр унаа заводу, кичинекей вертолетторду чыгарган заводдор иштеп баштады.

"Аймактарда аэропорттор курулду, самолеттор, вертолеттор, “байрактар”, “акынжи”, “аксунгур” сыяктуу аскердик техникалар, айыл-чарбасына, өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга, саламаттыкты сактоо, жол куруу, энергетика, айтоор бүт тармактын техникалары сатып алынып жаңыланды.

Өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор темир жолу курулууда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна кириштик. Кыргызстан коопсуз өлкө катары 24 позицияга алдыга жылды. Эл аралык экономикалык уюмдар тарабынан “Кыргызстан туруктуу өнүгүп жаткан өлкө” деп баа берилүүдө.

Тышкы саясат жакшырды, анын натыйжасын көрүп жатасыздар, инвесторлордун агымы көбөйүп, чечилбей турган чек араны тактаганга жетиштик. Мына аз күндө дагы абройлуу конокторду күтүү алдында турабыз. Алар, Түркиянын президенти, Венгриянын Премьер-министри жана башка өлкө башчылары, бийик даражалуу коноктор.

Кубаттуулугу 1860 МВт болгон “Камбар Ата 1” ГЭСин баштадык. Мындан тышкары 50дөн ашык чакан ГЭСтер курулууда, бир канчасы ишке берилди. Айта берсе жакшы иштер көп, мунун баары Президент Садыр Жапаров жана анын командасынын ак ниет менен иштеп жатканынын натыйжасы.

Бузукулук менен алек болгон беш-алтоосу оюна келгенди айтып койсо, аны “ичинде ит өлүп калган” анча мынчасы жыргап бөлүшүп, таратып жатканын байкап жатам.

Ушунча болду, ушак кептерди таратып жаткандардын ким экенине токтолойун. Мелис Аспеков 2010-жылдан бери 3 жолу алдамчылык (мошенничество) менен соттолгон. Акыркы жолу дагы баш аламандык уюштурууга, акча талап кылуу (вымогательство) менен абакта отурат. Рецидивист. Акчалуу саясатчыларды шантаж кылып акча талап кылганы дагы белгилүү, социалдык тармактарда маркум Чыныбай Турсунбековдун Аспековдун шантажына кабылдым деген видеосу да жүрөт.

Калган жалаакорлор кимдер? Өлкөдөн чыгарылган Болот Темиров, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө чектөө коюлган “Клооп” сайты жана өлкөдөн качып кетип, оозуна келгенди сүйлөп жүргөн Тилекмат Күрөңов деген неме.

Тилекмат Күрөңовду байкасаңыздар, ар дайым мамлекетти кантип башкаруу керектиги, реформалар тууралуу сүйлөп, акыл үйрөтөт экен. Өзү мурда жок дегенде 1 күн дагы мамлекеттик кызматта иштеп көрбөптүр. Керек болсо тоок сарайга кароолчу болуп иштебептир. Анан кантип мамлекеттин реформалары тууралуу акыл үйрөтөт? Ушундай репутациясы шек жараткан, алдамчылык менен камалган, качып-бозуп жүргөндөргө ишенесиздерби же так цифралар, ишке ашкан реформалардын жыйынтыгынабы?

Мындай каралоолор бизге тосоолдук жаратпайт. Жетекчибиз дагы “ушундай ушакчыларга алаксыбагыла” - деп айтты эле. Президенттин командасы дымактуу пландарын ишке ашыруу үчүн күнү-түнү иштеп келүүдө жана жалпы элдин жыргалчылыгы үчүн багытталган иштерди уланта берет. Темп абдан ылдам, максаттар чоң. Ит үрө берет, биз алдыга жүрө беребиз", - деди жыйынтыктаган Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн