Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:01
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Дээрлик 34 млн сом. ИИМдин Ички аскерлер кызматында коррупциялык схема аныкталды

14.12.2021 12:28
849
Дээрлик 34 млн сом. ИИМдин Ички аскерлер кызматында коррупциялык схема аныкталды



Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүн пландуу текшерүүсүнүн жүрүшүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 946 866 сом бюджеттик каражаттар уурдалган. 


Көрсөтүлгөн фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн