КМШ мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Ардак белгиси тапшырылды.
Сыйлыкты тапшыруу демилгесин Кыргызстан көтөргөн.
Ардак төш белгисин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тапшырды.
Шавкат Мирзиёев КМШны өнүктүрүүгө, шериктештикке мүчө-мамлекеттердин ортосундагы достукту, жакшы коңшулаштыкты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жогорку сыйлыгы менен сыйланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн