Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Демократияга жамынган митингчилерге Башкы прокуратура укуктук баа бериш керек

19.04.2021 11:08
814
Демократияга жамынган митингчилерге Башкы прокуратура укуктук баа бериш керек

27 жаштагы Айзаданын бейкүнөө мезгилсиз өлүмү коомчулукту катуу дүрбөттү. Айзаданын өмүрүн кыйган зөөкүр бул дүйнөнүн сурагынан качып, өз жанын өзү кыйды. 


Коом тигил же бул бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчиликсиз иш аракеттерин сындоого, ошол кызматтын жетекчилиги аркылуу ишинде шалаакылыкка жол берген кызматкерлерге карата чара көрүүнү талап кылууга толук укугу бар. Бирок, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. 


Маркум Айзадага жана анын жакындарына эч бир тиешеси жок адамдардын кайдан-жайдан пайда боло калышып "демократияга", "адам укугуна" жамынып алышып демократиянын принциптерине таптакыр каршы келген аракеттерди жасап, эч кимди укпай, ызы-чуу, башаламандыкты уюштуруп өкмөт башчысын да сүйлөтпөй ызы-чуу салган митингчилерге Башкы прокуратура тарабынан укуктук баа берилиш керек.


“Укук коргоочулар" кыргыз элин, кыргыз мамлекетин дүйнө жүзүнө дагы бир жолу шылдың кылышты. Кыргызстанда дагы эмне болуп кетти деп, дүйнө коомчулугу кулак түрүп тыңшап калышты. Өкмөт башчысын сүйлөтпөй ИИМ министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылган бир ууч адамдардын жалпы кыргыз элинин атынан сүйлөөгө кандай акысы бар!? Бул кылмыш окуясын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун өз көзөмөлүнө алгандан кийин митингчилердин бардык мыйзамсыз аракеттери токтош керек эле. Андай болбоду. Демек, Айзаданын өлүмүн шылтоо кылып көчөгө чыккан бир ууч топтун түпкү максаты кыргыз мамлекетинин коопсуздугуна сокку уруу.


Ошондукутан өлкөдөгү ички тартипти, элдин тынчтыгын сактаган бирден бир күч болгон милицияга чабуул жасашты. Ооба, күнөөлүүлөр жазаланышы керек, бирок жанагы бир ууч топтун талабы менен айрым милициянын жетекчилеринин кызматтан алынышы туура эмес болуп калды. Минтип отурсак, биз анархияга барабыз! Коомчулукту дүрбөткөн бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүү тыкыр көзөмөлгө алыныш керек. Ооба, ишинде шалаакылыкка жол берген кызматкерлер жоопко тартылып жатат, бирок канчалык милицияны жамандабайлы, асылбайлы, элден жеме уккан да, кайра эле элге эң биринчи кезекте жардамга келген да милиция кызматкери экенин унутпайлы.


Алтынбек Шербахунов, милициянын ардагери.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн