Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Акылбек Түмөнбаев Түп районунун тургундары менен жолугушту

22.03.2022 16:44
406
Депутат Акылбек Түмөнбаев Түп районунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Түп районунун өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер менен жолугушту.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушууда Акылбек Түмөнбаев депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берип, ошондой эле райондогу бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.


Жыйында белгилүү болгондой, депутаттын демилгеси менен Түп районунун ички жолдорун жаңылоо, оңдоп-түзөө маселелери чечилип, Жылуу-Булак айылында "Ас-Сафа" эл аралык фондунун каржылоосу аркылуу 2 кабаттуу мектептин курулушу башталган. Муну менен катар Түп айылында 250 орундуу бала бакчанын имараты 2022-жылы республикалык бюджеттен каржылануучу "капиталдык салымдар" беренесиндеги курулуш обьектеринин тизмесине киргизилгендиги айтылды.


Мындан тышкары, айылдарды таза суу менен камсыздоо, авариялык абалдагы мектептер, фельдшердик-акушердик пункттарды (ФАП) оңдоо жаатында да аракеттер көрүлүп жатканы белгиленди.


Ошондой эле иш сапардын алкагында Каракол шаарындагы А.С.Пушкин атындагы паркында жашылдандыруу иш-чарасы өттү. Президент Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн улай уюштурулган акцияга жергиликтүү бийлик жетекчилери, мектеп окуучулары да катышты.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн